Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өлкө башчысы Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, телеграмма жолдоду. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Путин орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделгенин белгилеген.

"Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин өлкөңүз социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана ички саясий туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү ийгиликтерге жетишти. Бул регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө конструктивдүү роль ойнойт. Орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделет. Биздин мамлекеттер ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көптөгөн көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө. Биргелешкен аракеттер менен биз бардык тармактарда өз ара пайдалуу орус-кыргыз байланыштарын пландуу түрдө мындан ары да арттырабыз деп ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.

Путин сөзүнүн соңунда Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга бакыт-таалай жана гүлдөп-өнүгүү каалаган.
Эгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айтты