Садыр Жапаров Мекенге зор эмгек сиңиргендерди сыйлады. Тизме

Кыргызстан улуттун улуу күнү болгон Эгемендик майрамын белгилеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын ар тармактагы кесипкөй жарандарына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Жогорку сыйлык көзү өтүп кеткен кыргызстандыктарга да ыйгарылды.
Салтанат "Ынтымак ордодо" өтүп, сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды.
"Бүгүн улуттун улуу күнү – Кыргызстандын Эгемендик күнүн белгилеп, ыйык дөөлөтүбүздү жана болгон жетишкендиктерибизди даңазалап жатабыз", — деди ал чогулгандардын алдында сүйлөп жатканда.
Президент социалдык-экономикалык, интеллектуалдык, маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо чечимин кабыл алганын айтты.
Эмгек баатыры наамы ыйгарылгандар:
Токтакунова Самарбүбү, комузчу, Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын салттуу музыка жана улуттук аспаптар кафедрасынын профессору;
Өмүрзак Мамаюсупов, "Ноокат Билимканасы" лицей-интернатынын негиздөөчүсү жана илимий жетекчиси (Ош облусу, Ноокат району);
Сүймөнкул Чокморов (каза болгондон кийин ыйгарылды), киноактёр, сүрөтчү, СССРдин эл артисти;
Токтогон Алтыбасарова (каза болгондон кийин), Ленинград блокадасында калган 150 баланы Улуу Ата Мекендик согушта камкордугуна алып, бооруна тартып чоңойткон;
Түмөнбай Байзаков (каза болгондон кийин), акын;
Элмирбек Иманалиев (каза болгондон кийин), төкмө акын.
Мындан сырткары, башка мамлекеттик сыйлыктар: II, III даражадагы Манас ордендери, Курманжан датка, Данакер, Даңк, Достук ордендери, Даңк медалы менен ар кыл тармакты өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир топ кыргызстандыктар сыйланышты.
Анан тышкары, Ардак грамоталар тапшырылды.
Сыйлангандар тууралуу толук маалыматты бул жерден окуп билсе болот.
Эгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айтты