РФ ТИМ башчысы Лавров Кыргызстандын жаңы элчиси Бөкөнтаевди кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Кыргызстандын жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министр дипломатты жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, тилектештиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде уланып келе жаткан мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Бөкөнтаев өз кезегинде кыргыз-орус алакасын мындан ары бекемдөөгө салым кошуп, эки тараптуу форматта да, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу аянтчалардын форматында да өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшай турганын белгиледи.
Кыргызстандын элчиси ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузинге тапшырды.
Эскерте кетсек, Бөкөнтаев элчилик кызматка августтун башында дайындалган.
Садыр Жапаров Россияга жаңы дайындалган элчини кабыл алды