Радио

Султангазиев: Кыргызстанды байырлаган жырткыч куштар көбөйүп жатат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев Кыргызстандын климаты жырткыч куштарга ыңгайлуу экенин айтты.
Sputnik
Куштарга санак жүргүзүү иштери жылда жаз мезгилинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бекжан Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кызыл китепке кирген канаттууларга чип басылат.
"Куштарга санак жүргүзүү оор, куштар учуп жүрөт, адамдар жерде басып жүрөт. Алардын туруктуу жашаган жерин аныктоо дагы кыйын. Видеого, сүрөткө тарткан атайын аппараттардын жардамы менен аныктайбыз. Тийиштүү кызматтардын, илимпоздордун жардамы менен жеринде атайын комиссия түзүлүп, кайсы канаттуу кандай мезгилде кайда байырлайт, кайсы мезгилде учуп-конорун аныктап, талдоо иштери жүргүзүлөт. Ошонун негизинде санак иштери болот. Санак жылда аң уулоо мезгилинин алдында, жазында жүргүзүлөт. Жырткыч куштар тууралуу кеп кылсак, акыркы убакта Кыргызстандын аймагында өзгөрүү байкалган жок. Мындан улам жырткыч куштар көбөйүүдө деп жатабыз. Буга байланыштуу биздин азыркы климат аларга ыңгайлуу болууда деп жыйынтык чыгарсак болот", — деди Султангазиев.
Ошондой эле ал Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга салынган айыптын суммасы көбөйтүлгөнүн кошумчалады.