Радио

Кыргызстанда синоптиктер жетишпейт

Гидрометеорологиялык кызматтын метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова өлкөдө 36 мануалдык жана автоматтык метеорологиялык станциялар иштеп, аба ырайы тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз берерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда метеорология багыты боюнча адистер жетишпейт. Кыргызгидрометтин борбордук аппаратында жана аймактардагы гидрометеорологиялык станцияларында да кадр маселеси курч. Бул тууралуу Нуризат Дооранова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин өлкөдө жалгыз Кыргыз-Россия Славян университетинде метеорология кафедрасында адистер даярдалып келсе, ал дагы былтыр жабылып калган.
"Республика аймагында мануалдык 36 метеорологиялык станция иштеп, ар үч саат сайын аба ырайы тууралуу маалыматтарды берип, байкоо жүргүзөт. Негизи Кыргызстанда метеорология багыты боюнча адистер жетишпейт. Кыргызгидрометтин борбордук аппаратында жана аймактардагы гидрометеорологиялык станцияларында да кадр маселеси курч. Буга чейин өлкөдө жалгыз Кыргыз-Россия Славян университетинде метеорология кафедрасында адистер даярдалып келсе, ал дагы былтыр жабылып калган. Кыргыз улуттук университетинде бул багыттагы кадрларды даярдоо жанданары айтылган", — деди Дооранова.
Ошондой эле ал синоптиктердин квалификациясын жогорулатууга көңүл бурулуп, инфраструктуралык шартты жакшыртуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.