Биз сыймыктанган Кыргызстан. Майрамдык видео

31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүгүн белгилейт. Биз майрамга карата видеокуттуктоо даярдадык.
Sputnik
Бүгүн Кыргызстан көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатат.
Бул жылдары өлкө алдыга умтулду, өнүктү, канат жайды. Республикада жаңы завод-фабрикалар ачылып жатат, элге жеткиликтүү болот деген турак жайлар курулууда. Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият тармактарында активдүү реформалар жүргүзүлүп жатат.