Дин иштери боюнча комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү сунуштады

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтеги урунттуу учурлар:
коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салынат;
диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салынат;
диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салынат;
диний темалар партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонулбашы керек;
депутаттарга ишкердик гана эмес, диний ишмердүүлүк менен да алектенүүгө тыюу салынат;
диний окуу жайдан тышкары диний сабактарды жекече окутууга жол берилбейт;
диний ишмердик менен алектенген субъектилердин саясий партияларды каржылоосуна тыюу салынат;
диний объектилерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Эреже бузган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.
"Түшүнбөгөн суроо болсо чалыңыз". Муфтият call-борбор ачты