Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгородго Украина армиясы чабуул жасап, беш киши көз жумду

Россиянын Тергөө комитети облус аткылоого алынгандан кийин кылмыш ишин козгоду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Белгороддогу жай жашоочуларга жасаган чабуулдарынын кесепетинен беш адам көз жуумп, 46сы жарадар болду, алардын ичинде балдар да бар. Бул туурасында аталган облустун губернатору Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналында кабарлады.
Бир бала оор абалда жатканын айткан жетекчи жарандык инфраструктуралар да талкаланганын кошумчалады.
"Белгородду Украина аскерлери кайрадан аткылап, бизде кайрадан жай жарандар көз жумду. Беш киши каза таап, 46 адам жаракат алды. Булардын ичинен жетөө балдар, бирөө оор абалда ооруканада жатат. Ага операция жасалды", — деди губернатор.
Россиянын Тергөө комитети Белгород аткылоого алынгандан кийин "Террордук акт" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Аталган ведомство терактыга тиешеси барларды аныктоо иштерин баштаганы, аларга тиешелүү укуктук баа берилери айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи Украина армиясынын Курскиге чабуулун теракт деп атады