Резонанс жараткан Айтургандын өлүмүнө күнөөлүү делип күйөөсү кармалды

Окуя боюна Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча шектүү катары жолдошу кармалганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция 26 жаштагы Н.Т. "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча шектелип жатканын кабарлады.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-июлунда ШИИБге шаардагы ооруканалардын биринде 25 жаштагы келин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Дарыгерлердин баштапкы корутундусунда бейтап дарыдан ууланганы көрсөтүлгөн. Ал эми келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер экенин айтышкан.
Факт боюнча Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголгон болчу.
"Иликтөө иштеринин жана чогултулган материалдардын негизинде 26 жаштагы Н.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө уланууда.
Бишкекте милиция кармагандан кийин көз жумган киши. ИИМдин реакциясы