1-сентябрга карата аба ырайы

1-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 1-сентябрь, жекшембиде, күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +26...+31, Баткен облусунда +25...+30 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күндүн табы +27...+29, Ош калаасында +28...+30 градуска көтөрүлөт.
Биз сыймыктанган Кыргызстан. Майрамдык видео