Ысык-Көлдө кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМдин эскертүүсү

ӨКМ өзгөчө кырдаалдардын күбөлөрүн 112 номерине кайрылууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда 2-сентябрда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ бийик тоолорго саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайт.
"Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!" — деп айылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондор дароо күнү-түнү акысыз иштеген 112 кызматына кабарлашы керек.
Күндүн илеби кайтып баратат. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу