Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЕБ Россиянын түпкүрүнө сокку урууну чектөө боюнча бир чечимге келген жок

Боррелдин позициясын европалык дипломаттардын баары эле колдогон эмес. Бир катар мамлекеттердин пикири кескин өзгөчөлөнүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Евробиримдиктин ТИМ башчылары Украина армиясынын Россиянын түпкүрүнө сокку урушуна салынган тыюуну алуу боюнча бирдиктүү чечимге келген жок. Бул туурасында ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Брюсселдеги бейрасмий жыйындын жыйынтыгын чыгарып жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Министрлер коюлган чектөөнү алып салууну талкуулады. Бул ар бир өлкөнүн (мүчө) өзүнүн чечими болуп калсын деген жыйынтык болду. Бир даары Украинага такыр эле курал бербөө чечимин кабыл алышты... Биз европалык бирдиктүү позицияга келген жокпуз", — деди ал.
Аткаминер муну менен катар эле ЕБдин бир топ мамлекеттери Украинанын Курскидеги операциясын колдойт деп билдирди.
Буга чейин Боррель ЕБди Россиянын түпкү аймактарына чабуул жасоого коюлган чектөөнү алып салууга чакырган эле. Мындай билдирүүнү ТИМ башчыларынын отуруму алдында жасаган. Ага Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да катышкан. Ал союздаштардын ыргылжың болуп турушунан Украина армиясы жеңилип жатат деп арызга отурган.
Боррелдин позициясын европалык дипломаттардын баары эле колдогон эмес. Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто Будапешт чыр күчөп кетет деп Россиянын аймагына ыраакка атылуучу курал менен сокку урууга каршы чыгарын айткан. Ал Брюсселде өтө турган ТИМ жана Коргоо министрлигинин башчыларынын жыйынында тынчтыкка келүү позициясынан кайтпай турганын кошумчалаган.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков украин армиясы Донбасс менен Новороссияга Батыштын ракеталары менен чабуул кое баштагандыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украина армиясынын Россиянын түпкүрүнө сокку уруу боюнча чектөөсүн албайт