ЕАЭБдин 190 өндүрүүчүсү товар сатып алууга катышууга укук алышты

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. ЕАЭБде товардын 22 миң түрүн сатып алууга катышуу укугун биримдиктин 190 өндүрүүчүсү алды. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар саясаты департаментинин директорунун орун басары Павел Жуковский билдирди.
Ал белгилегендей, Евразия биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген товарлар артыкчылыктуу бойдон калууда.
Адис ЕАЭБде 2020-жылдын аягында өнөр жай товарларынын евразиялык реестри түзүлүп, комиссия электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануунун бирдиктүү эрежелерин бекитүү укугуна ээ болгонун эске салды.
Мындан тышкары, өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар боюнча банктык кепилдиктерди өз ара таануу келишимине кол коюшкан.
"Бул жалпы мамлекеттик сатып алуулар рыногун куруудагы дагы бир тепкич", — деди Жуковский.
ЕАЭБде фуралардын параметрлери боюнча жалпылаштырган талапты карашууда