Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын министрин Польшадан кууп чыгууну талап кылып жатышат

Ковальский министрди бул айткандарынан улам тарыхты бурмалагысы келген ревизионист деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Польша сейминин депутаты Януш Ковальский Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулебаны нон грата адамы деп жарыялоону талап кылды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Депутат пикирин Х социалдык тармагына жазган.
Кулеба Польша эли кабылган Волынь кыргыны тууралуу сөз кылган. Польша парламентинде сүйлөп жатып, дипломат Киев Варшавага ал окуяларда курман болгондордун сөөгүн эксгумация кылууга тоскоолдук кылбоо чечимин кабыл алганын айткан. Бирок аны менен кошо эле "украиналыктардын элесин тарыхта калтыруу" зарылдыгын билдирген. Муну менен ал жакында эле Польшада "Украиналык козголоңчу армиянын" аскерлеринин эстелиги алынгандыгын кыйытты, ал өлкөлөр арасындагы мамилени сууткан.
Ковальский министрди мындай сөзүнөн улам тарыхты бурмалагысы келген ревизионист деп атады.
"Бул саясатчыны Польшада нон грата адамы деп жарыялаш керек, өлкөдөн токтоосуз чыгып кетсин. Волындагы кыргында украиналыктар тарабынан өлтүрүлгөн польшалыктарды эксгумациялоо маселесин курч кое турган мезгил келип жетти. Польша улутунун намысы бар жана украиндердин поляктарга каршы жасаган кыргынынын курмандыктарына карата мындай мамилеге, тарыхты бурмалоого макул болбойт", — деген Ковальский.
Волынь кыргыны жана Украинанын Улуттук Уюму* (УУУ), Украинанын Козголоңчу армиясынын* (УКА) улутчул лидерлерине болгон мамиле — Польша менен Украинанын ортосундагы көйгөйлүү маселе.
2016-жылдын жайында Польша парламентинин төмөнкү палатасы 11-июлду геноциддин курмандыктарын эскерүү боюнча Улуттук эскерүү күнү деп тааныган токтом кабыл алган. Бул кыргынды 1943-1945-жылдары украин улутчулдары жасаганы белгиленген.
Польша тараптын айтымында, 1939-1945-жылдары Волынь, Чыгыш Галиция жана II Польша Республикасынын түштүк-чыгыш воеводстволорундагы поляктарга каршы УУУ*-УКАнын* тарапташтары массалык кыргын кылган.
Эске салсак, 1943-жылдын 11-июлу "кандуу жекшемби" деп аталып, тарыхта Польша эли кабылган Волынь кыргынынын туу чокусу катары калды.
Украиналык нацисттер бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган. Бандерачылар кол салуу үчүн атайын эл сыйынууга чогулган жекшембини тандап алышкан эле, чиркөөгө чогулгандарды жылдырбай курчап, өлтүрүүгө ыңгайлуу болгон.
Волынь кыргынында жалпысынан 100 000 поляк өмүрү менен кош айтышкан.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Украиналык нацисттер бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган. Тарых барактары