Радио

Мааткасымов: мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов мүлк салыгын төлөө шарты кыйла жеңилдегенин айтты.
Sputnik
Мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу салык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Салыкчылар 30-августта саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин кызматта болушат. Бул тууралуу Sputnik Эрмек Мааткасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандар салыкты төлөө үчүн мекемелерге келип отурбастан, мобилдик тиркемелер аркылуу төлөсө болот.
"Өлкөдө мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Буга байланыштуу салык кызматкерлери майрам күндөрүнө карабастан күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул күндөрү жарандарга мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация берилет. Ошондуктан салыкты төлөгөнгө жетишип калуу керек. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат. Ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндө туум кошулат. Бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Салык мекемесине барып кезек күтпөстөн, үйдө отуруп эле мобилдик тиркемелер аркылуу төлөп койсо болот. Анткени транспорт салыгы менен там арка салыгынын суммасын Салык кызматы чегерип, жарандын үйүнө ишеним кат жөнөтөт. Аны мамлекеттик "Элдик банк", "Айыл банк" жана "Компаньон", "Мбанк" коммерциялык банктарынын тиркемелери аркылуу "Менин салыгым" деген жерден төлөй алышат. Мисалы, транспорт салыгын төлөөдө катталган кишинин 14 цифралуу пин-коду (ИНН) жана автоунаанын номерин терсе суммасы автоматтык түрдө чыгат. Себеби Салык кызматы эсептеп тиркемеге киргизип койгон. Бул алыскы аймактардагы жарандардын убактысын, ошол эле учурда акчасын үнөмдөйт", — деди Мааткасымов.
Ал ошондой эле салык төлөөчүлөргө шарттар жылдын башынан тартып түзүлгөнүн, ошондуктан салыктын мөөнөтүн күтпөстөн төлөөгө чакырды.