Чемпиондор лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчу Роналдуга сыйлык тапшырылды

Криштиану Роналду Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, англиялык "Манчестер Юнайтед", испаниялык "Реал" жана италиялык "Ювентустун" курамында 183 оюн өткөрүп, 140 гол киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Европа футбол ассоциациялар биримдигинен (UEFA) "Чемпиондор лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчу" аталып сыйлык алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сыйлык тапшыруу аземи 29-август күнү Монакодо 2024-25-сезонунун Чемпиондор лигасынын негизги этабы үчүн чүчү кулак тартуунун алкагында өткөн.
UEFA президентинин сыйлыгын Роналдудан тышкары Италия курама командасынын дарбазачысы Жанлуиджи Буффон да алган.
Криштиану Роналду Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, англиялык "Манчестер Юнайтед", испаниялык "Реал" жана италиялык "Ювентустун" курамында 183 оюн өткөрүп, 140 гол киргизген. Португалиялык футболчу дарбазага киргизген топторунун саны боюнча аргентиналык Лионель Месси (11 голго) жана Барселонанын польшалык чабуулчусу Роберт Левандовскиден (46 голго) алдыда. Чемпионор лигасынын сезондорунда жети ирет мыкты бомбардир болгон. Чемпиондор лигасынын бир сезонунда киргизген голдору (17) жана катары менен топ киргизген матчтарынын саны (11) боюнча рекорд да Роналдуга таандык. Футболчу учурда сауд арабиялык "Аль-Насрдын" курамында ойнойт.
Буффон 46 жашта. Туриндик "Ювентустун" курамында Италия чемпионатын 10 ирет утуп алган, "Парма" менен биргеликте 1999-жылы Москвадагы "Лужники" стадионунда UEFA кубогунун ээси болгон. "Пари Сен-Жермендин" катарында Буффон Франция чемпионатын жеңген. Италиянын курама командасы менен дарбазачы дүйнө чемпиону (2006) аталып, Европа чемпионатынын күмүш байге ээси болгон (2012).
Жаңыланган стадиондо биринчи болуп Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт