Радио

Кыргызстанда 1,8 млн. гектар жайыт деградацияга учураган

Айыл чарба министрлигинин Асыл тукум, мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин жайыттарды башкаруу, жакшыртуу жана пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абатбеков өлкөдө жалпы 8 миллион 995 миң гектар жайыт бар экенин айтты.
Sputnik
Өлкөдөгү жайыттардын үчтөн бири деградацияга учураган. Учурда аларды жакшыртуу үчүн активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Нурлан Абатбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жайыттарды жакшыртуу үчүн үрөн себүү, эс алдыруу ыкмалары колдонулууда.
"Былтыр программаны жазып баштаган учурда 9 миллион 2071 гектар жайыт бар эле. Жыл башындагы, тактап айтканда, 2024-жылдын 1-январындагы маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 8 миллион 995 миң гектар жайыт бар. "Кыргызгипрозем" ишканасы берген маалыматка караганда, бул жайыттардын 40 пайызы деградацияга учураган. Бирок биздеги малыматтар боюнча, 1 миллион 800 миң гектар жайыт деградацияга учурай баштаган десек болот. Жөнөкөй тилде айтсак, таптакыр эле тапталып калган эмес, кунары кете баштаган. Бул жайыттардын 138 миң гектар жерине быйыл үрөн сээп жакшыртуу планы коюлган. Ошондо пайыздык көрсөткүч менен алсак, 30 пайызы деградацияга учураган десек туура болот", — деди Абатбеков.
Ошондой эле ал деградациянын башкы себеби жайыттарды туура эмес колдонуу экенин кошумчалады.