Октябрда Ысык-Көлдө улуттук музейлер сынагы өтөт. Кабыл алуу башталды

Музей фестивалы сынак программасына ээ болгондуктан ага акыркы 5 жыл ичинде ишке ашырылган музей долбоору менен катышууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 24-октябрда Ысык-Көлдө өтчү экинчи улуттук музейлер фестивалына катышуу үчүн кабыл алуу башталганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бул иш-чара эки жерде, Бостери айылындагы маданият үйүндө жана Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борборунда уюштурулат.
"Музей фестивалы сынак программасына ээ болгондуктан ага акыркы 5 жыл ичинде ишке ашырылган музей долбоору менен катышууга болот. Быйылкы музей фестивалында "Музей мейкиндигинде аялдардын чыгармачылыгын жана окуяларын чагылдыруу" темасы көтөрүлөт. Беш номинациянын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилет", — деп жазылат билдирмеде.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстандын музейлерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Фестиваль музейлер арасында идея, тажрыйба, маалымат жана билим алмашуу аянтчасы катары кызмат кылат.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөнү мамлекеттик жана жеке музейлер, бардык каалоочулар жибере алары айтылды. Каттоо 10-сентябрга чейин жүрөрү кошумчаланды.
Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт. Тизме