Сегиз өлкөнүн педагогдору алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштү

Жыйындын соңунда катышуучулар 2024/2025-жылдарга карата иш планын бекитишип, жумушчу топтун курамын аныкташты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин мугалимдери алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштү. Бул тууралуу "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, педагогикалык кеңештин мүчөлөрү өсүп келе жаткан муунду салттуу адеп-ахлактын негизинде тарбиялоодо мугалимдердин ролун талкуулашты. Кеңеште каралган темалардын катарында тарыхый чындыкты сактоо маселеси да болду.

"Батыш пропагандасынын максаты – элге өзүнүн тарыхын, маданиятын унуттуруп, баарын бир жолго салуу. Ал эми биз мектеп окуучуларына салттуу баалуулуктарды үйрөтүү, мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, аларга тарыхый чындыктарды жеткирүү, үй-бүлөлүк салттарды түшүндүрүү менен тарбия берүүнү туура көрөбүз. Өзүбүз ата-бабаларыбыздан кандай жакшы нерселерди үйрөнгөн болсок, ошонун баарын кийинки муунга өткөрүшүбүз керек", — деп белгилеген "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.

Ал балдарга тарбия берүүдө негизги милдет мугалимдердин мойнунда турганын айтты.
"Негизинен өсүп келе жаткан муунга маданий баалуулуктар тууралуу мугалимдер айтып беришет. Ошондуктан Евразия мугалимдер кеңеши өз ишинин жоопкерчилигин мыкты түшүнгөн кесипкөй адистерди топтоду. Бул кеңештин алкагында иштелип чыккан бирдиктүү ыкмалар Евразия өлкөлөрүндө балдарга адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде билим берүүгө, ар бир өлкөнүн иденттүүлүгүн сактоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем", — деген Аршинова.
Мугалимдер кеңешинин жыйынтыгы менен анын катышуучулары 2024/2025-жылдарга карата иш планын бекитишип, жумушчу топтун курамын аныкташты.
Маалымат үчүн: Евразия мугалимдер кеңеши – мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, квалификациясынын жогорулашы жана тажрыйба алмашуусу үчүн натыйжалуу аянтча болгон биримдик.
Коммерциялык эмес уюм Евразия өлкөлөрүндөгү билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Ошондой эле уюмда ЕАЭБ өлкөлөрү арасында мугалимдердин заманбап ыкма-тажрыйбаларын алмашуусу, андагы мектептерди оңдоп-түзөө, мугалимдердин такшалуусу жана стипендиялык программалар каралган.
Кыргызстандык мугалимдер россиялык кесиптештеринин тажрыйбасын үйрөнөт