Эртең Бишкекте коомдук транспорт түнкү саат 2:00гө чейин каттайт

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында эртең, Эгемендүүлүк күнү, коомдук транспорт саат 02:00гө чейин иштейт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
"Ала-Тоо" аянтында көз карандысыздыктын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт.
"Майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат. Мындан улам шаар тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулуп, саат 02:00гө чейин жүрөт", — деп билдиришти.
Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Карта