Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи Украина Курскиде кооптуу куралдарды колдонуп жатканына коңгуроо какты

Дипломаттын айтымында, бир эле ракета мындай тогуз миңден ашык шариктерди алып жүрө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Украина Курскиде турак жайларды шрапнелдүү снаряддар менен аткылап жатат. Бул туурасында ТИМдин Киев режиминин кылмыштары жаатындагы өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды.
Ок атуучу куралдардан жана артиллериялык снаряддардан айырмаланып, кеңири аймакта зыян келтирүүгө багытталган снаряддын ичинде жайгашкан кичинекей металл — шрапнель туурасында элчи менен жолуккандар айтып беришкен.
Ал Курскиде жай жарандар менен жолуккан.
"Украина куралдарында шрапнелди, диаметри беш-алты миллиметр болгон кичинекей, оор шариктерди пайдаланып жатышат. Ушундай жол менен аткыланган кадимки эле менчик короолордун биринде болдум. Ал жерде бул шариктер кирип, талкалап кетпеген жер да калбагандай", — деп айтып берген ал.
Элчинин айтымында, бир эле ракета мындай тогуз миңден ашык шариктерди алып жүрө алат.
Ал кайсы бир аймактын үстүндө жарылганда эч нерсе, бир дагы айнек соо калбай, машиналар электей тешилгенин белгилеген. Тегеректеги дубалдар аткыланып, газ куурунун кырктан ашуун жери тешилгенин кошумчалаган.
Мирошник мындай куралдын жай жарандарга каршы колдонулушу акылга сыйгыстыгын айткан.
"Бул — ЕККУдагы биздин делегация коопсуздук боюнча форумда байкап, көз салып турган өзүнчө багыт. Алар Украина тарабынан колдонулган куралдардын ыкмалары жөнүндө маалыматтарды чогултуп, протоколго түшүрүшөт. Бул нерселер Украина кол койгон конвенциялардын талаптарын бузат", — деген ал.
Коопсуздук жаатында кызматташуу боюнча форум 1992-жылы Хельсинки жолугушуусунда түзүлгөн. Бул — аталган уюмдун мейкиндигинде аскердик коопсуздукту, туруктуулукту талкуулоого жана саясий жактан милдет тагуу боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берүүнү камсыздаган орган.
Эскерте кетсек, 6-август күнү саат 5.30да Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган.
Ушу тапта элдин коопсуздугун камсыздоо максатында Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Украина армиясы Курскиде адамдарды уурдап жатат