БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Интернет айдыңында Бишкек шаарынын асманында дрон менен тартылган, жаркырап күйүп турган сүрөттөр тарады.
Аккуланы минип, кылычын байланган Манас баатырдын, боз үйдүн, комуздун жана жакында эле Париж Олимпиадасынан жеңип келген спортчулардын элесин берген бул жаңычылдык элдин суктануусун жаратып жатат.
Бишкектин асманынан ошондой эле рун жазууларын, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын чагылдырган сүрөттөрдү да көрүүгө болот.
Борбор калаа ушул тапта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына кызуу даярданып жатат.