Бишкекте урологдор акысыз операция жасашууда

Лапароскопиялык урология боюнча мастер-классты россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Улуттук госпиталдын урологиялык илимий борборунда үч бейтапка акысыз операция жасалды. Бул тууралуу хирург-уролог Болот Рысбаев билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жайда лапароскопиялык (хирургиялык операциянын жаңы ыкмасы, мында операциялар бычаксыз, 05 – 1,5 см тешик аркылуу эле жасалат - ред.) урология боюнча мастер-класстар өтүлдү. Аны россиялык уролог-хирург, РФтеги лапароскопиялык мектептин негиздөөчүсү Эдуард Галлямов өткөргөн.
"Мастер-класстар лапароскопия жаатында билимин, тажрыйбасын өнүктүрүүнү каалаган бардык урологдор үчүн пайдалуу болду. Ага иштеп жаткан урологдор, жогорку окуу жайда билим алып жаткан жаштар да чакырылган", — деди Рысбаев.
29-августта Эдуард Галлямов баштаган топ лапароскопиялык простатэктомия, лапароскопиялык нефроэктомия жана лапароскопиялык миомаэктомия боюнча операцияларды ийгиликтүү жасаган. Бүгүн, 30-августта, дагы эки операция акысыз жасалат.
"Мастер-класста көрсөтүлгөн лапароскопиялык операциянын жаңы ыкмасы жергиликтүү урологдор үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Тажрыйбабызды эми практикада колдонобуз", — деди Рысбаев.
Радио
Рысбаев: ооруган эркектердин 67 %ында абактериалдык простатит кездешет