Бишкек милициясы бүгүндөн тарта 3-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт

ИИМ элге да кайрылып, майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого чакырды. Мас болуп аянтка келүүгө, майрам өтүп жаткан жерге алкоголь ичимдиктерин алып өтүүгө тыюу салынары эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы, Эгемендүүлүк майрамы жана жаңы окуу жылынын башталышынан улам Бишкек милициясы бүгүндөн тарта күчөтүлгөн режимге өттү. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматта мындай режим 3-сентябрга чейин улана турганы айтылган. Бүгүн өздүк курамдын саптык кароосу өткөрүлгөн. Анда ШИИБ башчысы Азамат Токтоналиев кызматкерлердин даярдыгын, автомототранспорттун абалын көрүп чыкты. Ошондой эле интсруктаж өткөрүлгөнү белгиленди.
"Милиция 30-августтан тарта 3-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартип режимине өттү. Шаардагы коомдук тартипке 4000 кызматкер көз салат. Ал эми жаңы окуу жылы башталган 2-сентябрь күнү 1000 кызматкер иштейт", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ элге да кайрылып, майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого чакырды. Мас болуп аянтка келүүгө, майрам өтүп жаткан жерге алкоголь ичимдиктерин алып өтүүгө тыюу салынары эскертилди.
Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Карта