Россия жылдыздары кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын проваслав музыканттары, спортчулары жана окумуштуулары кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады.
Лариса Долина, Николай Басков, Григорий Заславский, Надежда Крыгина, Бек Исраилов, Александр Волкодав, Валерий Семин, Дмитрий Дмитриенко, "Россия" ансамбли, Валерий Кичин, Андрей Курнявка, "Город 312" музыкалык тобу, "Сретенский монастырь" хору жана Москва опереттасынын жылдыздары Кыргызстандын жашоочуларын маанилүү майрамы менен социалдык тармак аркылуу куттукташты.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев 100 жыл мурун Россиянын курамында кыргыз мамлекеттүүлүгү кайрадан жанданганын белгиледи.
"Бүгүн биз Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн белгилеп жатабыз. Бул —100 жылдык өнүгүү, маданий жетишкендиктер жана бирдиктүү жеңиштер. Биз ата-бабалар калтырган улуу жолду татыктуу улантуудабыз. Биздин атактуу досторубуз кыргызстандыктарга куттуктоо менен кайрылуу идеябызды кош колдоп колдошту. Алар биздин өлкөнүн сүймөнчүлүгүнө гана айланган адамдар эмес, алардын баары — Кыргызстан, кыргыз-орус мамилеси үчүн эмгек кылган жылдыздар", — деген Зульхарнеев.
Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт. Тизме