85 жыл мурда колдонулган бактериологиялык курал. Тарыхый документтер

Сурак учурунда туткундардын бири Япониянын советтик аскерлерге карата бактериологиялык курал колдонгонун моюнга алган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 85 жыл мурда япониялыктар Кызыл армияга каршы бактериологиялык курал колдонгон. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Халхин-Голдогу салгылаш болгон күнгө карата ФСБ биринчи ирет аскерий туткундун күбөлүгүн жарыялады.
1939-жылдын августунун аягында Халхин-Гол дарыясындагы активдүү жүрүп жаткан согуш соңуна чыккан. Кызыл армия менен моңгол бөлүктөрү аймакка кирип келген япондук баскынчыларга сокку урган.
Сурак учурунда туткундардын бири Япониянын Харбинге жакын жерде советтик аскерлерге карата бактериологиялык курал колдонгонун моюнга алган.
"1939-жылы япондук аскерлер советтик күчтөр менен Монголиянын чегинде кагылышкан учурда япондук аскер командачылыктын буйругу алдында "Исии Сиро" бөлүгү каршылаш тарапты жеңүү үчүн жергиликтүү аймакты үч ирет ууландырган", — деп айтып берген ал.
Сурак 1947-жылы январь айында жүргүзүлгөн.
Япония өзөктүк курал боюнча АКШга эч нерсе дей албай... Видео