Кыргызстандын бильярд ардагерлери дүйнө чемпионатын багындырышты — кий чеберлеринин ийгиликтери

Sputnik
Бильярд спорту боюнча 14-18-август күндөрү Алматы шаарында ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты өтүп ага кыргызстандык спортчулар да барды. Ага жалпы 9 мамлекеттен келген 134 спортчу катышты. Казакстанда өткөн турнир, кыргыз бильярдчыларынын эл аралык мелдештердеги көрсөткүчтөрү, бильярддын өлкөдөгү өнүгүшү тууралуу кеп болду.
Конокто Бильярд спорту боюнча КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев жана Бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси, эл аралык класстагы спорттун чебери Канат Сыдыков болуп, ойлору менен бөлүштү.