“Жаштар такшалмасы” жаңы долбоору иштелип чыкты — ал эмне берет?

Sputnik
Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Кыргызстанда жыл аягына чейин 250 миң жумуш ордун түзүү пландалган. Анын ичинен 38 миңден ашууну Эмгек министрлигинин линиясы аркылуу түзүлөт. Буга байланыштуу министрликте иштер аткарылууда. Бүгүнкү күндө 16 миңден ашык иш орду түзүлдү. Жумушсуздардын көбү жаштар. Аларды жумушка алууда иш берүүчүлөр иш тажрыйбасына карашкан учурлар болот. Ушуну алдын алуу үчүн министрлик тарабынан “Жаштар такшалмасы” жаңы долбоору иштелип чыкты. Анда жогорку окуу жайды жаңы бүткөндөр эмгек акы алуу менен үч айдан алты айга чейин иштеп, тажрыйба топтой алышат.
Бул тууралуу Эмгек министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы кабарлады.