Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 100 жыл! Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы! Тарыхтан кандай сабак алуу керек?

Sputnik
Быйыл өлкөбүз кош майрамды белгилеп жатат. Кыгыз Республикасынын 33 жылдыгын коштой, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын да белгилеп отурабыз. Бул тарыхый даталардын кыргызстандыктар үчүн орду чоң, мааниси терең. Мамлекеттүүлүгүн түзүп, чек арасын аныктап, экономикасын өстүрүп, борборлошкон бийликтин тутамына кирип, жамааттык башкарууга ыктаган эл, соңку 33 жылда капитализмдин казанында кайнап, базар экономикасына көнүп, жекелик чарбага баш уруп турат. Өткүндөн эмнени ала алабыз? Кайсыл жери сабак болуш керек? Кандай система, кандай саясат жүрбөсүн мекен бирөө экенин келечек муунга кантип жеткиребиз?
Биздин бул суроолорубузга Мамлекеттик катчы сүйүнбек касмамбетов “Күн башат” программасынын алкагында жооп берди.