Андрей Сердюков ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын максатын айтты

Бул машыгууларга байкоочу катары ЖККУга кирбеген мамлекеттердин өкүлдөрү чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Сентябрда Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун ыкчам аракеттенүүдөгү жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык "Кызматташуу — 2024" машыгуулары кризистик кырдаалдарда күч менен каражаттарды туура колдонууну үйрөтүүгө багытталган. Бул тууралуу уюмдун Бириккен штабынын жетекчиси Андрей Сердюков маалымат жыйында билдирди.
Бул машыгууга байкоочу катары ЖККУга мүчө эмес мамлекеттердин өкүлдөрү: Алжир, Египет, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Сауд Арабиясы, Өзбекстан, БУУнун катчылыгы, ШКУнун катчылыгы, Аткаруу комитети жана Антитеррордук борбору катышат.
Сердюков белгилегендей, чалгындоо күчтөрүнүн колдоосу менен "Издөө — 2024" жана "Эшелон — 2024" машыгуулары өтөт.
"Машыгуулар кризистик кырдаалды жөнгө салууда күчтөрдү жана каражаттарды туура колдонууну үйрөтүүгө багытталган. Анда жамааттык күчтөрдүн контингенттерин даярдыктын эң жогорку деңгээлине жеткирүү, куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен операцияны даярдоо жана өткөрүү окутулат", — деди Сердюков.
Биргелешкен штабдын башчысы аскердик машыгуулардын тапшырмаларына Кыргызстан менен КМШнын Абадан коргонуу күчтөрүнүн өздүк курамы тартыларын белгиледи.
"Биргелешкен иш-чараларды пландаштырууда биз заманбап куралдуу кагылышуулардын тажрыйбасын, тагыраагы, Сириядагы согушту жана араб-израилдик тирешүүнү эске алдык. Согуштук аракеттердин тынымсыз өзгөрүп турган формалары терең анализди талап кылат. Быйыл аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россиянын аскердик-өнөр жай ишканалары чыгарган заманбап курал-жарактардын жана аскердик-техникалык жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстан менен Тажикстанда көрсөтүү макулдашылды", — деди Сердюков.
Анын айтымында, октябрь айынын башында Казакстанда ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн катышуусунда "Бузулбас боордоштук — 2024" командалык штабынын машыгуусу өтөт. Анын жүрүшүндө улуттук контингенттерди кайра топторго бөлүштүрүү, белгиленген аймакта жамааттык тынчтыкты сактоо күчтөрүн түзүү, тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү маселелерин иштеп чыгуу пландалууда.
"Октябрдын орто ченинде Тажикстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Рубеж — 2024" машыгуусу өтөт. Анын соңку этаптарына ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун катышуусу күтүлүүдө. Машыгуулардын жыйынтыгына анализ жасалып, кийин практикага киргизилет", — деди ал.
ИИМ кызматкерлери Россиядагы "Кобальт — 2024" машыгуусуна катышууда