ЕАЭБде фуралардын параметрлери боюнча жалпылаштырган талапты карашууда

Евразиялык биримдиктин ичиндеги жүк ташуучулардын түйшүгүн азайтуу үчүн аракет кылып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 2024-жылдын соңунда ЕАЭБде евразиялык транспорттук жол менен жүрүү үчүн атайын макулдашууга кол коюлат.
Бул — автоунаалардын бирдиктүү параметрлери тууралуу документ. Анда салмак, октук басымдар жана автокөлүктүн жүк габарити канча болуш керектиги белгиленген.
Ошондой эле Евразиялык биримдиктин ичиндеги жүк ташуучулардын түйшүгүн азайтуу үчүн жасалган аракет десе болот. ЕЭКтен аталган биримдикке мүчө мамлекеттерде нормалар ар кыл экендигин, бул нерсе параметрлерден улам айланып келип эле аларды айып пул төлөөгө тушуктураарын белгилешкен.
Учурда өлкөлөр арасындагы мамлекеттик ички процедуралар аяктап калганын айтышты.
Кыргызстан транспорт тармагында эки көрсөткүч боюнча ЕАЭБде лидер болду