Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Украина армиясы Курскиде адамдарды уурдап жатат

Үзүл-кесил маалыматтарды эске албаганда украин согушкерлери уурдап кеткен адамдардын тагдыры белгисиз бойдон калып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Украин аскерлери Курск облусунда жай жашоочулары уурдап кетип жатышат, Россия тарап учурда алардын тизмесин түздү. Бул туурасында ТИМдин Киев режиминин кылмыштары жаатындагы өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина согушкерлеринин адамдарды уурдаганы боюнча маалыматтар бар. Алар жай жарандарды кармап алып, белгисиз тарапка алып кетип жатышат. Байланыш жок. Кайда алып кетишти? Украинанын аймагынан чыгып, жашыруун түрмөлөрдө же жер төлөдө кармалып турушабы?" — деди Мирошник.
Элчи украин бөлүктөрү террорчу катары жүрүшкөнүн айтты.
"Булар адамдардын кайсы себептер менен кармалганы боюнча жакындарына, туугандарына, бийликке билдириш керек деген нормаларды сакташкан жок. Баарын жашырып жатышат, мунун жолун кандайдыр бир ыкмалар менен табыш керек", — деген дипломат.
Мирошник аталган маселе боюнча РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, Коргоо министрлиги иш алып барып жаткандыгын белгилеген.
"Учурда алдын ала тизме бар, бирок так эмес. Биздин маалыматтарда украин согушкерлери уурдап кеткен адамдардын тагдыры белгисиз. Сүрөткө, видеого тартылып же күбөлөр көрүп калган үзүл-кесил маалыматтар бар. Мисалы, аскерликке тиешеси жок жай жарандарды: аялдарды, эркектерди, жигиттерди уурдашкан. Жүк ташуучу машинага күчтөп салып, белгисиз жакка алып кетишкен", — деген агенттиктин маектеши.
Эскерте кетсек, 6-август күнү саат 5.30да Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган. Коргоо министрлигинин 28-августка берген маалыматы боюнча, бул аралыкта каршылашкан тарап жети миңге чейин аскеринен жана 74 танкасынан ажыраган.
Ушу тапта элдин коопсуздугун камсыздоо максатында Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
РФ президенти Владимир Путин Киев режими чагым жасап, жай тургундарды, жарандык инфраструктураны ылгабай аткылап жатканын билдирген. Ал тийиштүү жооп аларын, Россия алдына койгон максатынын баарына жетерин белгилеген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британ ЖМКлары: Киевдин Курскидеги авантюрасына карабай Россия жеңишке жакындады