Экс-депутат Шайлообек Атазов муай-тай боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео

Ал кикбоксинг менен бала кезинен тарта машыгып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай боюнча эл аралык турнирде каршылашын нокаутка кетирип чемпиондук курду тагынды.
Ал бүгүн, 29-августта, таиланддык мушкер Чиангкван Паномтед менен кез келди. Экөөнүн кармашы турнирдин башкы беттеши болуп, Атазов IBF Muaythai версиясы боюнча мыкты аталды.
Шайлообек Атазов кикбоксинг менен бала кезинен тарта машыгып келген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2024-жылдын апрелинде Жогорку соттун чечими менен мандатынан ажыратылган.
Дзюдо боюнча Азия чемпиону Эрлан Шеровго Бишкек мэриясы батир белек кылат