Павел Дуровду Парижде камактан бошотушту. Видео

Ишкер беш миллион евро суммасында күрөө төлөмөкчү. Ал эми прокуратурадан Дуров полицияга жумасына эки ирет көрүнүп турушу керектигин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Telegram платформасынын негиздөөчүсү Павел Дуровду Париж соту эч жакка кетпөө чечими менен камактан бошотту. Бул туурасында аталган жерде жүргөн РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Андан сырткары, ишкер күрөө иретинде 5 миллион евро төлөмөкчү.
"Бизнесмен сегиз саат сотто болду, андан соң Париж прокуратурасы күрөө төлөп чыгарууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтты. Дуров соттун имаратынын алдында журналисттер топтолуп күтүп турган негизги эмес, каптал жагындагы эшигинен чыкты", — деп билдирди кабарчы.
Ишкерди жактоочусу Давид-Оливье Камински жана дагы бир эркек киши коштоп жүргөн.
Telegram негиздөөчүсүнүн сотунун жүрүшүн кечээ бардык ЖМКлар кулак түрүп байкап турушкан, алгач анын бошотулаганы тууралуу кабар тарап кеткен. Бирок ал жаңылыш маалымат болуп чыккан.
Дуровдун жактоочусу Давид-Оливье ишкерге тагылган күнөөлөр акылга сыйбастыгын белгиледи. Ал эми прокуратурадан Дуров полицияга жумасына эки ирет көрүнүп турушу керектигин айтышкан.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-августунда кечинде Франциянын ЖМКлары Telegram платформасынын ээси Дуровдун Ле-Бурже аэропортунда кармалганын билдиришкен. Окуя ишкер Азербайжандан келип, менчик учактан түшүп келе жатканда аэропортто болгон.
Жергиликтүү ЖМКнын билдиргенине караганда, Дуровдун Франция жарандыгы бар, өлкөдө издөөгө алынган адамдардын катарында турат. Сот аны бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт, анын ичинде Telegram платформасынын өлкөнүн бийлиги менен кызматташуудан баш тарткандыгын да себеп катары кошууда.
Париж прокуратурасы Дуровго 12 кылмыш боюнча айып такканы кабарланган. Алардын көбү киберкылмыш жаатында. Кечээ Париж прокуратурасы ал 10 кылмыш боюнча күнөөлөнүп жатканын айтты.
Европалык ЖМКлар Telegram иши боюнча тиркеменин негиздөөчүсүнүн бир тууганы Николай Дуров да өтүп жатканын жазышкан.
Россия ТИМи: эл аралык уюмдар Дуровго карата Франциянын кылыгын айыпташы керек