Кыргызстандын театры Москвада беш спектакль тартуулайт

Спектаклдер Моссовет атындагы мамлекеттик академиялык театрынын сахнасында 30-августтан 3-сентябрга чейин коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Москвага барып беш спектакль коёт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы илим жана маданият борбору маалымдады.
Россиянын борборунда Кыргызстандан барган артисттер төмөнкү спектаклдерди тартуулашат:
"Пиковая дама";
"Мастер и Маргарита";
"Любовь и голуби";
"Баба Шанель";
"Пегий пёс, бегущий краем моря".
Спектаклдер Моссовет атындагы Мамлекеттик академиялык театрынын сахнасында 30-августтан 3-сентябрга чейин коюлат. Мындай иш-чаралар "Росконцерт" федералдык мамлекеттик бюджеттик маданий мекемесинин жана Россиянын Маданият министрлигинин колдоосунда "Ири гастролдор" багытындагы программасынын алкагында өтөт.
“Орто Азия романсиадасы” сынагы жарыяланды. Убакыт-шарты