Көлдө селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирилди. Сүрөт

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел жүздөгөн үйдү каптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Мекеменин маалыматында, элге биринчи сорттогу 21,95 тонна ун, 4 390 тонна кумшекер, 4 390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы берилген.
1 / 2

Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди

2 / 2

Мекеменин маалыматында, элге биринчи сорттогу 21,95 тонна ун, 4 390 тонна кумшекер, 4 390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы берилген

Мындан он күн мурун Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Нөшөрлөгөн жамгырдан улам келген сел 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты каптаган. Анын кесепеттерин жоюуга жүздөгөн адам тартылган.
Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп бериле турганын айткан.
Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү селдин кесепеттери. Дрондон тартылган видео