Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт. Тизме

Бишкектин ар бир районунда сүрөт көргөзмөсү, концерттер уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Мэрия Эгемендүүлүк майрамына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Свердлов району:
29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында сүрөт көргөзмөсү болот;
31-августа саат 08:00дөн баштап Кара-Жыгач токоюнда ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.
Октябрь району:
31-августта Көк-Жар айылында концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат.
Биринчи май району:
31-августта Ак-Босого жаңы конушунда этникалык шаарча уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.
Ленин районунда 31-августта өтчү иш-чаралар:
Саат 16:00дө Фучик көчөсү, 18А үйүнүн жашоочулары үчүн бөлүнгөн оюн аянтчада иш-чара өткөрүлөт. Ар кандай оюндар уюштурулуп, майрамдык концерт менен коштолот;
Саат 10:00дө "Люкс" эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чаралар өтөт;
Саат 15:00дө Ала-Тоо конушундагы балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш болот;
Саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;
Саат 17:00дөн 22:00гө чейин "Азия Молл" соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;
Саат 11:00дө Ынтымак жаңы конушунда концерт тартууланат;
Саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектинин кесилишинде шаардык "Диалог" маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.
Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар көчөлөр жабылат. Тизме