Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЦРУ Киев менен украин армиясынын Курскидеги аракеттерин талкуулап жатат

Россия президенти Владимир Путин Киев режими жай тургундарды да, жарандык инфраструктураны да ылгабай аткылоого алып, чагым жасап жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курскидеги аракеттерин, буга кошуп коргонуучу курулуштарды тургузууну жана РФ территориясындагы позицияны бекемдөөнү талкуулап жатат. Бул тууралуу кызматтын директорунун орун басары Дэвид Коэн билдиргенин РИА Новости жазды.
"Коргонуучу курулуштар тургузулуп жатат, биздин маалыматыбызга караганда, Украина Куралдуу күчтөрү кайсы бир мезгилге чейин ошол аймакта болот", — деген ал АКШнын улуттук коопсуздугу жана чалгыны тууралуу өткөн маалымат жыйында.
Коэн Киев режими августтун башында Россияга кол салгандан кийин кайрадан чегинүүгө аргасыз болгонун белгиледи. Анын айтымында, украин аскерлери "РФ аймагын басып алууну көздөгөн жок".
Эскерте кетсек, Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү 6-август күнү Курск облусуна чабуул жасап, РФ аскерлери тарабынан токтотулган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги ошондон бери Киев режими 7 миңдей аскеринен, 74 танкынан ажыраганын кабарлады.
Россия президенти Владимир Путин Киев режими жай тургундарды да, жарандык инфраструктураны да ылгабай аткылоого алып, чагым жасап жатканын билдирген. Ал каршы тарап өзүнө жараша жооп аларын, Россия алдына койгон бардык максаттарына жете турганын белгилеген.
Ушу тапта Курск, Белгород жана Брянск облустарында элдин коопсуздугун камсыздоо максатында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британ ЖМКлары: Киевдин Курскидеги авантюрасына карабай Россия жеңишке жакындады