Радио

Касымова: быйыл бала бакчалардын мектепке даярдоо тайпасы ишин уланта берет

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова быйыл бала бакчалар мурункудай эле шартта иштээрин айтты.
Sputnik
12 жылдык билим берүү системасына толук өтүп, мамлекеттик стандарттар кабыл алынганда гана бала бакчада тарбиялана турган жана мектепке бара турган балдардын жашы так жазылат. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жылына мектеп босогосун аттай турган 25-30 миңдей бала эч кандай даярдыктан өтпөйт.

"2024-2025-окуу жылынан баштап жаңы билим берүү стандартына, программаларына өтүүнү пландаштырып, ага даярдыктар жүрүүдө. Быйыл жаңы система толук ишке кирбейт, кийинки жылга чейин даярдык иштери жүрөт. Былтыр жалпы мектеп курагына чейинки балдардын 26,4 пайызы бакчага барса, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 28,3 пайызы гана барганы Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланды. Бул 233 миңден ашуун бөбөк балдар бакчасына барууда дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын 150-160 миңдин тегерегиндеги балдар 1-класска келишет. Ага чейин алар түрдүү билим берүү программаларынан өтүп жатышат. Мисалы, бала бакчада мектепке даярдоочу тайпада даярданышат, ал эми дагы 100 миң бала 2015-жылдан бери "Наристе" программасында окушат. Демек, ортодо 1-класска окуй турган 25-30 миңдей бала мектепке эч даярдыгы жок барууда. Бул балдардын деңгээли үч түрдүү болуп калышын шарттоодо. Бул көрүнүштү жоюп, 6 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө окутуу максатында 1-класска кабыл алуу болжолдонуп жатат. Бул жарлыкта 5,5-7 жаштагы балдар милдеттүү түрдө мектепке даярдоо класстарына барышы керек. Жылдын аягында төрөлгөн балдар мектепке кабыл алынбай, кеч барып калбасын деп 5,5 жаштан баштап уруксат берилген. Биз эми 12 жылдык окуунун алкагында билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыга баштайбыз. Анда балдардын кайсы жаштан баштап мектепке, кайсы жаштан баштап бала бакчага барары так жазылат. Бала 6 жашка чейин бала бакчада тарбияланат, 6 жаштан кийин мектепке барат деген нормаларды киргизип жатабыз. Быйыл система жаңы киргендиктен бала бакчадагы мектепке даярдоо тайпалары мурункудай эле иштейт. Тайпадагы 6 жаштагы балдарды азыр "силер быйыл нөлүнчү класска барышыңар керек" деп чыгарууга болбойт. Анткени мектепке даярдоо программасы бала бакчада да, мектепте да бирдей эле өтөт. Толук түрдө 12 жылдык билим берүүгө өтүп, нормативдик актылар, мазмун, мамлекеттик стандарттар кабыл алынгандан кийин гана балдар бала бакчада 6 жашка чейин гана калтырылат", — деди Касымова.

Ал ата-энелер кабатырланбай маалымат менен толук таанышса жакшы болорун кошумчалады.