Дзюдо боюнча Азия чемпиону Эрлан Шеровго Бишкек мэриясы батир белек кылат

Батир Туңгуч кичи районунан менчиктештирүү жолу менен ыйгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Азия оюндарынын алтын медаль ээси, дзюдочу Эрлан Шеров Бишкектен эки бөлмөлүү батир алат. Мэриянын тиешелүү долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жактырылды.
Депутаттар мэриянын "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз берүү жөнүндө" сунушун талкуусуз колдошту.
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучусу, 2023-жылкы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеровго батир Туңгуч кичи районунан менчиктештирүү жолу менен ыйгарылат.
Шеров 2018-жылы Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү дзюдочулардын рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.
"2023-жылы Азия оюндарынын алтын медалын, 2024-жылы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын (БАЭ) уткан алгачкы кыргызстандык катары өлкө тарыхында калды", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Эрлан Шеров — Азия оюндарында алтын уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу.
Олимпиада оюндары — 2024
104 млн. сом. Олимпиадага барган спортчу, машыктыруучу, дарыгерлер канчадан алды