"Багратион" жеңиши: 80 жыл мурда СССР нацисттердин жашоосуна чекит койгон

СССР 80 жыл мурда Улуу Ата Мекендик согушта нацисттик Германияга каршы эң ийгиликтүү операцияны соңуна чыгарган. Анын жыйынтыгы менен Беларусь немецтик баскынчылардын толук арылган.
Sputnik
Бул аталыш 1812-жылдагы согушта атагы чыккан россиялык аскер кол башчынын урматынан берилген. Операцияны маршал Константин Рокоссовский жетектеген. "Багратион" гитлерчилер үчүн таптакыр күтүүсүз болду: советтик төрт фронт аларды ар тараптан кысып, айласын куруткан.
Кызыл армиячылар биринчи этапта беш, экинчи этапта алты ирет чабуул жасашкан. Жыйынтыгында Беларусь гана эмес, Литва жана Польшанын чыгыш жактары да бошотулган.
Операциянын фашизмди жеңүүдө мааниси зор болгон. Германияда "Багратионду" азыркыга чейин өлкөнүн тарыхындагы эң оор жана көп чыгым тарттырган утулуу деп эсептеп келишет.