30-августка карата аба ырайы

30-августка караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 30-август, жума күнү, тоолуу жерлерде жана дыйканчылык аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас аймагында +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +22.…+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, ал эми Ош шаарында +28…+30, Чолпон-Атада +22…+24 градуска көтөрүлөт.
Ленин жана Хан-Теңири чокуларындагы таштандылар тазаланат. Видео