Кыргызстанды байырлаган жырткыч куштардын көбөйүүсүнө эмне себеп болууда?

Sputnik
Кыргызстанды байырлаган жырткыч куштарга камкордук көрүү, сактоо өзгөчө орунда турат. Кыргыздар куштарга анын ичинен дал ушул жырткыч куштарга өзгөчө мамиле кылып келгенин жакшы билебиз. Буга элдик чыгармачылык – дастан, эпостор эң мыкты далил. Жада калса учурдагы башкы мамлекеттик символдордун бири гербде дагы дал ушул жырткыч куштардын төрөсү болгон Манастын ак шумкары чагылдырылган. Кыргызстанды байырлаган жырткыч куштарга кам көрүү кандай жүрүүдө? Алардын санынын өсүүсүнө эмне себеп болууда?
Ушул жана башка суроолорго Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев жооп берди.