Өлкөдө 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайга, батирге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Мындан улам салык органдары мүлк салыгын төлөгөндөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн күчөтүлгөн тартип менен иштөөгө өтүштү. Алар 29-30-августта саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет. Салык төлөөчүлөр бул күндөрү мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат. Жарандар салыкты үйдө отуруп эле мобилдик тиркемелер аркылуу төлөсө болот. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат.
Ошондой эле ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндө туум кошулары тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Мааткасымов маалымдады.