Жыл башынан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында тигилген көчөттөрдүн саны 5,6 миллионго жетти, ал эми себилген уруктардын натыйжасы күзүндө белгилүү болот. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Чороев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында быйыл 8 миллион көчөт отургузуу пландалган. “Быйыл сегиз миллион көчөт отургузабыз деп максат койгонбуз. Ар бир облуска, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы атайын пландар бекитип берилген. Быйыл жазындагы иштерден кийинки эсептөөгө ылайык, 5 миллион 600 миң көчөт отургузулган”, - деди Чороев Ошондой эле ал Өскөн-Ордо конушундагы көчөгө Жашыл-Мурас деп ат коюлуп, 320 ийне жалбырактуу көчөт тигилгенин кошумчалады.
Ушул жылдын жети ай аралыгында "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкектин аймагынан 156 мин 290 тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Жолдош Чуштуков докладында айтканын мэриянын маалымат кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын жети айында чыгарылган таштандынын көлөмү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 38 мин 589 тоннага, ал эми 2022-жылдагыдан 50 тоннага көп. "Атайын жабдууларды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Участокторду толук камтуу үчүн зарыл болгон таштанды ташуучу унаалардын келиши жакынкы аралыкка пландалды. Ошондой эле ишканага жүктөгүч, шыпыргыч, айдоочу, слесарь, ширетүүчүлөр жетишпейт", — деди Чуштуков.Маалыматта айтылгандай, жумушка орношууну каалагандар Бишкек шаары, Ростовская көчөсү, 19Б дарегине кайрылышса болот.
Ош шаарынын мэриясы калаада 31-август күнү өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Бул күнү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленмекчи. Маалыматка ылайык, күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дө Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү өтөт. 33 баланын тушоосу кесилип, улуттук спорт оюндары уюштурулат. Ошондой эле "Күз фест 2024" мөмө-жемиштер жарманкеси да болот.Кечки саат 20:00дө Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Ош шаарынын борбордук аянтында чоң программадагы гала-концерт менен салтанат жыйынтыкталат.
29-август күнү Улуттук госпиталда лапароскопиялык урология боюнча уникалдуу мастер-класс өткөрүлөт. Бул тууралуу Урология илимий борбору билдирди. Ачык маалымат булактарында урологиянын бул түрүнүн өзгөчөлүгү курсакты кеспестен бир нече пункция жасалары айтылат. Натыйжада бейтап операцияны жеңил көтөрөт жана бат айыгып, тырык калбайт. Иш-чара адистерге жана медициналык факультеттин студенттерине урология тармагындагы алдыңкы ыкмалар менен таанышууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. Иш-чараны Россиядан келген көрүнүктүү уролог жана хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Эдуард Галлямов алып барат. Ал бир катар новатордук операция