Радио

Чороев: "Жашыл мурастын" алкагында быйыл 5,6 млн. түп көчөт отургузулду

Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Чороев быйыл 8 миллион көчөт отургузуу пландалганын айтты.
Sputnik
Жыл башынан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында тигилген көчөттөрдүн саны 5,6 миллионго жетти, ал эми себилгендер уруктардын натыйжасы күзүндө белгилүү болот. Бул тууралуу Бакыт Чороев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында жалпы жылдык план кандай аткарылганы тууралуу эсептөө иштери декабрда жүргүзүлөт.
"Ар бир жылдын өзүнүн планы бар. Быйыл сегиз миллион көчөт отургузулат деген максат коюлган. Ар бир облуска, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы атайын пландар бекитип берилген. Мисалы, Ош облусунда 700 миңдей бак отургузулушу керек. Баткенде 800 миңден кем эмес, Жалал-Абадда 700 миң, Нарында 300 миң, Ысык-Көлдө 800 миң, Чүйдө 500 миң, Таласта 350 миңден кем эмес тигилиши шарт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына өзүнчө пландар бекитилген. Ошондой эле мамлекеттик токой фондунун жерине 3,5 миллион көчөт отургузуу белгиленген. Быйыл жазындагы иштерден кийинки эсептөөгө ылайык, 5 миллион 600 миң көчөт отургузулган. Муну менен катар, уругу себилген өсүмдүктөрдүн эсеби күзүндө аныкталат", — деди Чороев.
Ошондой эле ал Өскөн-Ордо конушундагы көчөгө Жашыл-Мурас деп ат коюлуп, 320 ийне жалбырактуу көчөт тигилгенин кошумчалады.