Салыкчылар күчөтүлгөн тартип менен иштөөгө өтүшөт

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандын салык органдары мүлк салыгын төлөгөндөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн күчөтүлгөн тартип менен иштөөгө өтүшөт. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти.
Салыкчылар 29-30-августта саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет.
Салык төлөөчүлөр аталган органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайга, батирге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.
Салык кызматы кыргызстандыктарды шылуундардан этият болууга чакырат