Россия ТИМи: эл аралык уюмдар Дуровго карата Франциянын кылыгын айыпташы керек

Захарова россиялык дипломаттар бул жаатта "жасай турган иштерин аткарып" жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Эл аралык уюмдар Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровго карата сөз эркиндигин сактоо жана француз бийлигинин кылыгын айыптоо үчүн өздөрүнүн мандатынын алкагында милдетин аткарышы керек. Бул туурасында Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты.
"Мындай кырдаалда эл аралык тиешелүү түзүмдөрдөн сөз эркиндигин коргоо, аны чектеп жатканы үчүн француз бийлигин айыптоо боюнча мандатын аткаруу талап кылынат", — деген Захарова.
Ал россиялык дипломаттар бул жаатта "жасай турган иштерин аткарып" жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-августунда кечинде Франциянын ЖМКлары Telegram платформасынын ээси Дуровдун Ле-Бурже аэропортунда кармалганын билдиришкен. Окуя ишкер Азербайжандан келип, менчик учактан түшүп келе жатканда аэропортто болгон.
Жергиликтүү ЖМКнын билдиргенине караганда, Дуровдун Франция жарандыгы бар, өлкөдө издөөгө алынган адамдардын катарында турат. Сот аны бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт, анын ичинде Telegram платформасынын өлкөнүн бийлиги менен кызматташуудан баш тарткандыгын да себеп катары кошууда.
Париж прокуратурасы Дуровго 12 кылмыш боюнча айып такканы кабарланган. Алардын көбү киберкылмыш жаатында.
Өз кезегинде Telegram командасы мессенжердин негиздөөчүсүнүн маселеси тез арада чечилет деп үмүттөнүп, Telegram Евробиримдиктин бардык мыйзамын, анын ичинде санариптик кызматтар боюнча мыйзамды да сактаарын айткан.
Макрон Дуровдун кармалышы саясий чечим деген сөздү четке какты