РФ ТИМи Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу боюнча эскертүү берди

Дипломат Вашингтон тынчтык орнотуу операциясына жамынып алып баштаган кадамын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Американын Жакынкы Чыгышта күчтөрүнүн улам арбып баратышы чыңалууну күчөтөт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканын РИА Новости жазды.
"АКШнын Жакынкы Чыгышта, тагыраагы, Чыгыш Жер ортолук деңизинде, Кызыл деңизде, Перс булуңунун аймагында чыңалуунун мындан ары күчөшүнө алып келет. Жыл башында Вашингтон тынчтык орнотуу операциясына жамынып алып баштаган "Өнүгүү сакчысы" АКШ жана Улуу Британиянын Йемен аймагына сокку уруусу менен аяктап, чындыгында дүйнөдөгү кырдаалды ого бетер курчутту. Аймактын мамлекеттери көйгөйлөрү менен пикир келишпестиктерин саясий-дипломатиялык жолдор менен чечип алат деп ишенебиз", — деген Захарова.
Буга чейин ЖМКларда Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгышта аскерлерин жайгаштырып, ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр тургандыгы боюнча маалыматтар тараган.
Россия демилгени колго алууда. Жакынкы Чыгышта азайган АКШнын таасири