Тушоо кесүү, көргөзмө, концерт. Ош шаарында 31-августта боло турчу иш-чаралар

Майрамдык салтанат борбордук аянтта чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы калаада 31-август күнү өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Бул күнү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленмекчи.
"Күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дө Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү өтөт. 33 баланын тушоосу кесилип, улуттук спорт оюндары уюштурулат. Ошондой эле "Күз фест 2024" мөмө-жемиштер жарманкеси да болот", — деп айтылат маалыматта.
Майрамдык салтанаттын негизги бөлүгү кечки саат 20:00дө Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Ош шаарынын борбордук аянтында чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталары кошумчаланды.
30-31-август күндөрү Бишкектин чоң жолдору маал-маалы менен жабылат